Ырлар жыйнагы

 Убакыт

Убакыттын азабы   тескериде,

Жакшы-жаман, ак-кара мезгилинде.

Жан дүйнөн ооруп жатып кыйналганда,

Жардам бербей жайбаракат  өкөнүндө.

Убакыт

Убакыт жакшы өттү деп коёбуз,

Чардап-чурдап, ойноп-күлүп, жеп-тоёбуз.

Кантип өттү? Кайда өттү? Деп эртеси,

Баш кармап, тан калышта биз болобуз.

Сезим сереси

Сезимдин сереси учуп жүрөт ,

Дегенге айткылачы ким түшүнөт.

Канча адамдан сураштырып келсем дагы,

Аягына чыкпастан жооп үзүлот.

Ден соолук

Ден соолуктун баркын сезип эми билдим,

Буга чейин аны карабай кайда жүрдүм.

Карангы түн карарып мына келгенде,

Кайрадан жанданууга кол шилтедим!

Адам болуу

Кадыр барктуу калк ичинде адам бол деп,

Ата-энем тарбияны берди жетелеп.

А мен болсо  “актаймынбы” деп ойлонуп,

Жүрөмүн ойгу- тойгу жер темселеп.

Сүйүп калуу

Сүйүп калдым айталбадым ал кыз билбейт,

Айтсамбы? Айтпасамбы? Балким тилдейт.

Жүрогүм токтобостон тез-тез согуп,

Сен үчүн сага гана жүрөк иштейт.