Ырлар жыйнагы

Эстей берем

Сагынуу сансыз дүйнө алыс кеткен,

Сүрөтүндү  көргөн сайын эстей берем.

Негедир сен алыстап кетсен дагы,

Жанында турганымды элестетем.

Жаштык

Мен сени эстегенде ойго батам,

Бала чакты, жаш кезекти ойлоп жатам.

Ошол күндөр өткөн экен ойноп тандан,

“Келсе экен”- деп тилеп атам мен кайрадан.

Кыйынчылык күндөр

Кыйынчылык боло берет ар күндө , ар убакта,

Мындай нерсе болот экен ар бир жанда.

Чымырканып чыдап койсон өтүп кетет.

Бир убакта жакшы жашоо келет сага.

Өмүр

Жаш өмүрүм жандай татту сезилет,

Жалындаган чок сыяктуу жарк этет.

Өткөрөлү бул бир келген өмүрдү,

Өткөн күндөр кайрылбастан бир келет.

Турмуш

Күндө турмуш көрсө өтөт турбайбы,

Жакшылыктан жамандык көп мун кайгы.

Жаман болуп, кайгы болуп турса да,

Башка адамга жылмаюудан танбайлы.

Күлүп жүр

Күлгүн жаш ай ар убакта күлүп жүр,

Жашоонун бул бир бөлүгү билип жүр.

Кайда барба, кандай турмуш кечирбе,

Жылмайганын элге жагат туюп жүр.