Ырлар жыйнагы

Студент

Эч ойлоосуз келип калдым мен Бишкекке

Мектепти бүтүргөнмүн жалан бешке.

Алган окуу билимимдин күчү менен,

Кыйналбастан өтүп кеттим мен МУИТке.

Жыл мезгилдери

Жашыл тартат жаз айында айлана,

Жагымдуу жыт чыгат мына ушул жайда.

Күздө бышат эгин, жашылча, алма,

Суук тартып келип калат кыш анда.

Жаз айы

Жаз келгенде жашыл тартып чөп чыгат,

Ак гүл көк гүл жагымдуу жыт таратат.

Торгой ырдап, булбул, чымчык сайрашып,

Бак даракка уяларын салышат.

Жай

Күн ысыды жай да келди туугандар,

Көлгө барып эс алалы дос балдар.

Жумуш, акча, напси, буюм курусун,

Өткөрөлү жаш кезекти моокум канаар.

Кыш

Айлананы аппак басып кыш келет,

Адамдарга жылуу кийим кийинтет.

Балдар тебип коньки, лыжа, чанасын,

Аяз жасап бөбөктөрдү сүйүнтөт.

 Аппак кар

Аппак кар түштү асмандан,

Айлана баары агарган.

Ойноймун деген балдарга,

Чанасын тептирип кубанткан