Ырлар жыйнагы

Күз

Сары басып жалбырактар түшкөндө,

Кыш келет деп биз кабакты бүрккөндө.

Мөмө жемиш, отун сууну жыйнаарда,

Өчөшкөнсүп жамгыр улам төккөндө.

Күз

Мөмө бышып күз мезгили кубантат,

Той өткөрүп арты-артынан улантат.

Берекеге толуп баардык жер шаары,

“Берем-берем, алгылачы”- деп турат.

Сулуу

Кара чачтуу суйкайган сулуу бийкечсин,

Көз кыйынта кирпиктерин иргейсин.

Басканында марал сымал жайкалып,

Канча жигит суктанганын билбейсин.

Бүткүл элге кайрылуу

Оо адамдар атпагыла жаныбарды,

Алардын, каршы тураар алы барбы.

Кырылып баратат го жер шаарында,

Айткылачы канчалаган саны барбы?

Оо адамдар тебелебе кумурсканы,

Биздикинен алардын оор жумуштары.

Ал тен келбес кичинекей болсо дагы,

Алардын чон, биздикинен акылдары.

Ээ адамдар кыйбагыла бак даракты,

Алар ыйлайт, алар сыздайт биз сыяктуу.

Жашыл тартып, абаны таза кармап турган,

Бак болбосо, жер болбойт го бизге барктуу.

Ээ адамдар бузбагыла суу, абаны,

Аларда, эмне күнөө, зыян барбы.

Сен бузган суу, сен булгаган аба менен,

Ууланып, арт жагында адам калды!

Оо адамдар сатпагыла жерди, ташты,

Андан кымбат, андан баалуу байлык барбы.

Канча бердин, канча кетти, алмаштырдын,

Арт жагында аларга зар балдар калды.

Андан көрө жоготкула зыяндарды,

Дарт оору, келемишти, ууруларды.

Ыраазы болот, жан да сага, жер да сага,

Мунун арты байлык сага кучак жайды.