Ырлар жыйнагы

Каалоо тилектер

Балдарга

Аман болуп бар болгула балдарым,

Ойноп күлүп , жыргагыла жандарым.

Ата-эне туугандардын алдында,

Бар болгула, бир болгула ар дайым!

Ата-энеге

Ошондой эле ата-энеге жакшылык ,

Болбосунчу ар биринде касчылык.

Жаны жылым берсин максат, тилекти,

Сиздерге да кааларыбыз ден соолук!

Доктурларга

Ак ниеттен ар адамга жан тарткан,

Доктурларга ыраазычылык баарынан.

Күнү түнү талыкпастан иш кылган,

Мед айымга ыраазычылык калкыман!

Студенттерге

Ачка болбой ток болгула балдарым,

Биринчи ирет курсак тойсун окурмандарым.

Мугалимдин алып алкыш батасын,

Сабагынар беш болсунчу ар дайым!

Мугалимге

Аркасынан чуркап окуучу балдардын,

Аябастан коет бааны күн сайын.

Тартип, акыл, билим берген эжей агайга,

Таазим этип туралычы ар дайым!

Автор: Ракым уулу Арзымат